• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Январь айында аба ырайы кандай болот? – Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын январь айында өлкөнүн аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан 1-2 градус төмөн болушу ыктымал.

Чүй өрөөнүндө -1 градус сууктан...+1 градус жылуулукка чейин, тоо этектериндеги райондордо жана Кемин өрөөнүндө -3…-5 градус суук болушу күтүлөт.

Чүй облусунун дыйканчылык райондорунда бир ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан -7…-12° суукка чейин, күндүз -2° суук +3°жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…-9° сууктан -10…-15° суукка чейин, күндүз -4° суук...+1° жылуулуктан 3…8° градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 25-28 мм, тоо этектеринде 12-22 мм).

Талас облусу;

Талас облусунда айлык орточо температура климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, -1…-3 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -8…-13° суукка чейин, күндүз -3° суук …+2° жылуулуктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (17-19 мм).

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча аба ырайы;

Бул аймактарда бир айлык орточо температура климаттык нормадан 1…3 градус жогору болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1° суук…+4° жылуулуктан, -2…-7° суукка чейин, күндүз -1° суук…+4° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4° суук…+1° жылуулуктан -5…-10° суукка чейин, күндүз -2° суук…+3° жылуулуктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 15-52 мм, тоо этектериндеги райондордо 25-74 мм).

Ысык-Көл облусу;

Ысык-Көл өрөөнүндө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1...-3° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -5...-7° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° суук, чыгыш тарабында -10…-15° суук, күндүз -1° сууктан…+4° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-9 мм, чыгышында 14-21 мм).

Нарын облусу;

Нарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -12…-14°, Кочкор районунда -7...-9° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18° сууктан -20…-25° суукка чейин, күндүз -8…-13º сууктан -2…-7° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -15…-20° сууктан -23…-28° суукка чейин, күндүз -12...-17° сууктан -5...-10° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (2-9 мм).

Пикир

Оставить комментарий