• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Январь айында эт 1,7 пайызга көбүрөөк өндүрүлдү – Айыл чарба министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Быйыл 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт 1,7 пайызга көбүрөөк өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2020-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 29,9 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 498 тонна, же 1,7 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

"Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу, чочкодон тышкары", - деп айтылат маалыматта.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 53,1 миң башка көбөйүп 1680,4 түздү, кой жана эчкинин саны 97,0 миң башка көбөйүп 6264,9 башты түздү, жылкынын саны 23,9 миң башка көбөйүп 522,6 миң башты түздү жана үй канаттуулардын саны 201,4 миң башка көбөйүп 6211,1 башты түздү, чочконун саны 16,5 миң башка азайып 34,7 миң башты түздү.

Белгилей кетчү нерсе, 2020-жылдын январь айында республиканын бардык облустары боюнча эт көбүрөөк өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий