• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Январь айында Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 457 млн долларды түзгөн - кимдер менен соода жүргүзүлгөн?

Экономика 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 2019-жылдын башында 456,8 млн. долларды түзүп, анын 93 миллону экспорт, ал эми 363,8 миллиону импортту түзгөн.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, бул көрсөткүч өткөн жылдын биринчи айына караганда 8,4%га аз болгон. Бул жылдын январь айындагы экспорттук көрсөткүчтөрү 15,4%га, импорттун көлөмү 6,4%га азайган.

Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген мүчө мамлекеттер менен болгон сооданын көлөмү 147 млн. долларды түзүп, 2018-жылдын январь айына салыштырмалуу 4,1%га төмөндөгөн.

Ошол эле маалда экспорт (6,7%га) менен импорт (3,3%) азайганы белгиленген. ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирген мамлекеттердин арасында мурдагыдай эле Россия (60,4%) жана Казакстан (38%) менен болгон соода алдыңкы орундарда турат.

Аталган мөөнөттө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода көлөмү 194,6 млн. долларды түзүп, андагы импорттун үлүшү 188,1 млн. доллар болгон.

Түркия менен болгон соодада да импорт басымдуулук кылат. Маселен, импорт 11,4 млн. доллар, экспорт 5,6 млн. доллар болгон.

Ошондой эле, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүсүндө да импорт басымдуу келет. Экспорт -7,8 млн. доллар, импорт - 12,8 млн. доллар.

Бирок, Тажикстан менен Европа өлкөлөрү менен болгон соодада экспорт алдыга чыккан. Алсак, кошуна мамлекетке 2,4 млн. долларга экспорт жасалса, импорт 0,3 млн. долларды түзгөн.

Европа өлкөлөрү менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүдө алтындын эсебинен экспорт басымдуу чыккан. Экспорт 31,5 млн. доллар, импорт 15,2 млн. доллар болгон.

Пикир

Оставить комментарий