• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Январь айында Жалал-Абад облусунда өрттүн саны өстү

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь айында Жалал-Абад облусунда 50 өрт кырсыгы катталып (2020-ж. 23), 2020-жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 2,2 эсеге өскөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 2 жаран каза болуп, 1, автоунаа, 31 тонна тоют жабкыркаган. 1 млн 966 миң 406 сомдук материалдык зыян келтирилген. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 23 млн 504 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган. Негизинен өрт кырсыктары (41 өрт, 82% %) турак жай секторунда катталган.

Катталган өрт кырсыктары Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

- Жалал-Абад шаарында -6, (2020-ж.-4);

- Кара-Көл шаарында- 1, (2020-ж.-1);

- Майлуу-Суу шаарында- 4, (2020-ж.-1);

- Таш-Көмүр шаарында -2, (2020-ж.-2);

- Аксы районунда - 6, (2020-ж.-0);

- Ала-Бука районунда- 5, (2020-ж.-1);

- Базар-Коргон районунда- 2, (2020-ж.-2);

- Ноокен районунда – 6, (2020-ж.-4);

- Сузак районунда -7, (2020-ж.-5);

- Тогуз-Торо районунда -1, (2020-ж.-1);

- Токтогул районунда -6, (2020-ж.-1);

- Чаткал районунда - 4, (2020-ж.-1).

Өрттүн негизги себептери:

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 18 (жалпы өрт кырсыгынын 36 %), (2020-ж.-3);

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 13 (жалпы өрт кырсыгынын 26 %), (2020-ж.-12);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 2 (жалпы өрт кырсыгынын 4 %), (2020-ж.-1);

- балдардын от менен ойноосунан – 7 (жалпы өрт кырсыгынын 14%), (2020-ж.-3) өрт кырсыгы болду.

Өрттөрдүн келип чыгышын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
  • тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

“Жогорудагы эрежелерди сактоо менен сиз турак жайынызды, мүлкүңүздү жана жакындарыңыздын өмүрүн сактап каласыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий