• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Январь-мартта Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү $2,1 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2,1 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 48,4 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 13,6 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,7 эсе жогорулады.

Импорт

Ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-мартында 835,4 млн долларды түзүп, 2021-жылдын январь-мартына салыштырганда 21,3 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 23,0 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 20,7 пайызга жогоруланган.

Экспорт

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-март айларында Россияга (68,6 пайызга) жана Казакстанга (29,6 пайызга) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий