• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Январда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасынан инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын январында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли Кыргызстанда белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди.

ЕЭАБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

Нет описания.

2022-жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (11,2 пайыз) Кыргыз Республикасында катталды.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу Кыргыз Республикасында азык-түлүк товарларынын (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) баалары жана тарифтери – 12,8 пайызга жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары жана тарифтери 9,7 пайызга көп өлчөмдө жогорулады. Ошол эле мезгилде Беларусия Республикасында кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын максималдуу өсүүсү (9,1 пайыз) катталды.

2022-жылдын январындагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий