• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Январда Кыргызстан Казакстандан 4 млн долларга электр энергиясын импорттоду

Экономика 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Январь айында Кыргызстан Казакстандан 138 млн 665 миң 600 киловатт/саат электр энергиясын импорттоду. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитеттин Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу бюллетенинде келтирилет.

Сатып алынган электр энергиясынын жалпы баасы 352 млн 191 миң 800 сомду, же 4 млн 88 миң 120 АКШ долларын түзөт. Келтирилген маалыматта бир киловатт/сааттын баасы 2,54 сомду, же 2,9 центти - 0,029 долларды түзөт.

Казак электр энергиясын импорттоонун көлөмү 2022-жылдын январына салыштырмалуу 2,6 эсеге өскөн. Өткөн жылдын январында 52 млн 333 миң 400 киловатт/саат импорттолгон. Ошондо Түркмөнстандан 112 миллион 893 миң 300 киловатт-саат импорттолгон. Алсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу Кыргызстанга электр энергиясын импорттоонун көлөмү 16%га кыскарган.

2023-жылдын январында Түркмөнстандан электр энергиясы импорттолгон эмес. КР Энергетика министрлиги Өзбекстандагы энергетикалык кризистен улам электр жарыгын берүү убактылуу токтотулганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий