• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Январда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 352,4 млн долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 352,4 млн долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин экономикалык статистика жана улуттук эсептер бөлүмүнүн башчысы Эльвира Исенкулова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу 27,5 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 11,5 пайызга төмөндөсө, импорттук келип түшүүлөр 32,1 пайызга кыскарды.

"2021-жылдын январында республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 169,4 млн долларды түзүп, 2020-жылдын январына салыштырмалуу 19,7 пайызга азайган. Экспорттук жөнөтүүлөр 20 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 19,6 пайызга төмөндөдү. Республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (74,4%) жана Казакстанга (23,6%) туура келди", - дейт Исенкулова.

Пикир

Оставить комментарий