• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Январда өсүмдүк майы, картошка жана жумуртка кымбаттады – Статком

Экономика 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь айында былтыркы жылга салыштырмалуу республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 18,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баалар тамак-аш өсүмдүк майларына - 54,6 пайызга, картошкага - 46,3 пайызга, жумурткага - 35,4 пайызга, кумшекерге - 33,1 пайызга, этке - 27,5 пайызга, унга - 16,5 пайызга, жаңы бышкан жемиштерге - 15,1 пайызга, макарон азыктарына - 16,6 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 6,9 пайызга, майлуугу 2,5 - 3,2 % пастеризацияланган сүткө - 5,5 пайызга, нанга - 5,2 пайызга, балыкка - 3,3 пайызга баалардын көбүрөөк жогорулаганы белгиленди.

Ошол эле учурда таруунун (5,4 пайызга), тооктун сан этинин (1,9 пайызга), бисквит тортунун (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 1,7 пайызга жогорулаган.

Аны менен бирге баалар уйдун бооруна - 9,3 пайызга, картошкага - 4,6 пайызга, кой этине - 4,0 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майларына - 3,8 пайызга, сүт азыктарына, сыр жана жумурткага - 3,5 пайызга, (анын ичинен жумурткага - 11,1 пайызга), тоңдурулган балыкка - 2,6 пайызга, эрүүчү накта кофенин - 2,3 пайызга, нанга - 1,1 пайызга, кумшекерге - 0,9 пайызга, таруунун - 0,7 пайызга жогорулаганы белгиленди.

Аны менен катар накта балдын (1,8 пайызга), вафелдик тортунун (0,5 пайызга), ышталган балыктын (0,2 пайызга), куюп сатылуучу сүттүн (0,2 пайызга), күрүчтүн (0,1 пайызга) жана гречиха акшагынын (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү.

Пикир

Оставить комментарий