• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МСК: Январда салыктар боюнча план 1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь айында 6 млрд 555,9 млн сом салык жана төлөм чогултту. Белгиленген план 119%га аткарылды же 1 млрд 45,9 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын январына салыштырмалуу салыктар 1 млрд 724 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 135,7 %ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий