• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Январда жалпысынан өлкө боюнча 191 өрт катталып, 4 адам каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. 2019-жылдын январь айында республика боюнча 191 өрт кырсыгы катталып, андан 4 адам каза болгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 54,6%га аз (2018-жылы 421 өрт катталган). Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Өрттөрдүн негизги себептери: электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан: 2018-жылы 144 өрт, ал эми 2019-жылы 76 өрт -47,2%, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу (80/42) – 47,5%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда (113/33) – 70,8%, балдардын от менен ойноосунан (42/13) - 69,0%, өрт кырсыгы болду.

Өрттүн жалпы санынан (314-136) – 56,7% турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (38) каза болгондор жок, Бишкек шарында (34) каза болгондор жок, Жалал-Абад облусунда (30) адам каза болгондор жок, Ош облусунда (22) каза болгондор жок, Ысык-Көл облусунда (17) 1 адам каза болгон, Баткен облусунда (11) каза болгондор жок. Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (136), өрттөн 1 адам каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий