• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Январдан баштап томолой жетим балдардын соцпенсиясы 6 миң сомго көтөрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 29.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын өлчөмү жогорулатылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын орточо өлчөмү 455 сомго көбөйдү.

“2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 715 миң 500 пенсионердин пенсиясын индексациялоого 984 млн сом кеткен. 1 млрд сомго жакын каражат октябрь, ноябрь жана декабрь айларындагы пенсияга жумшалды. Мындан сырткары, октябрдан баштап ата же энесинен ажыраган балдардын социалдык пенсиясын 1500 сомго жеткирдик. Ал эми 2022-жылдын январынан баштап 2000 сомго көтөрүлдү. Томолой жетим балдардын соцпенсиясы октябрда 3000 сом болсо, ушул жылдын январынан баштап 6000 сомго жеткирдик”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий