• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Январдан тарта GoBus кызматы Ош шаарында иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. 2023-жылдын январь айынан баштап GoBus кызматы Ош шаарында иштей баштайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун инвестиция жана эл аралык байланыш боюнча аткаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди.

Анын айтымында, кичиавтобустар шаар ичиндеги ыңгайлуу жерлерден жүрө баштайт.

"Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетине чейин жүрөт. Мындан сырткары, Бишкектен Ысык-Көлгө чейин экспресс автобустарды жүргүзүүнү пландар жатабыз", - дейт ал.

Эскерте кетсек, GoBus кызматынын кичиавтобустары Бишкектен "Манас" аэропортуна жана кайра артка жүргүнчүлөрдү ташыйт. Ал ушул жылдын 30-июнунан баштап иштей баштаган. Акысы 200 сом.

Пикир

Оставить комментарий