• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Январдан тарта ID-карталар 320 сом болот

Коом 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. 2018-жылдын январынан тарта ID-карталар 320 сом болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча бул эски үлгүдөгү ID-карталардан 100 сомго арзан.

Жаңы жылдан кийин паспорттун баасы көтөрүлөт деген сөздөр чындыкка дал келбей турганын бул ведомстводон билдиришти.

МККдан 2017-жылдын 31-декабрында паспортторду акысыз берүү мөөнөтү бүтөт.

Ошондой эле Калкты тейлөө борборлору жана паспорттук каттоо бөлүмдөрү жаңы график боюнча иштеп башташты. Бул жаңы жылга эски паспортун акысыз алмаштырууну каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу.

Паспорт үчүн документтерди кабыл алуу 8:00дөн 18:00гө чейин 30 мүнөттүк түштөнүү убактысы менен жүргүзүлөт. 23 жана 30-декабрда КТБ жана ПКБлар ишемби күндөрү 10:00дөн 14:00гө чейин иштешет.

Эскерте кетсек, 6-декабрдан тарта МКК кыргызстандыктар үчүн паспортту кеңседе же үйдө отуруп алуу кызматын ишке киргизген.

Пикир

Оставить комментарий