• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Январдан тартып тамеки буюмдарына акциздин жаңы ставкалары белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы тамеки буюмдарына акциз салыгынын ставкалары жыл сайын жогорулашына ылайык, 2021-жылдын январынан тартып тамекиге акциздин жаңы ставкалары белгиленгендигин билдирет.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыл сайын акциз салыгынын ставкасын жогорулатуу өлкөнүн жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында акциздин ставкаларын айкалыштыруу максатында каралган.

Чыпкалуу жана чыпкасыз сигареттин, ошондой эле папиростун 1000 даанасына акциз салыгынын ставкасы 1 миң 750 сомдон 2 миң сомго чейин жогорулады, 2022-жылдын 1-январынан тартып бул сумма 250 сомго жогорулайт.

1000 даана сигариллага акциз салыгынын суммасы 2020-жылы 1 220 сом болсо, быйыл 1 400 сомду түздү, 2022-жылы 1 610 сомдү түзөт. 1 даана сигарага акциздин суммасы өткөн жылга салыштырмалуу 25 сомго жогорулап, 175 сомду түздү, 2022-жылы дагы 25 сомго жогорулайт.

1 килограмм тамекиге жана ысытылуучу тамеки буюмдарына салыктын суммасы 2020-жылга салыштырмалуу 90 сомго жогорулап, быйыл 700 сомду түздү, ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып 800 сомду түзөт.

Электрондук сигареттер үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктукка акциз салыгы 1 сомдон 1,25 сомго чейин жогорулады, 2022-жылдын 1-январынан тартып 1,5 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий