• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Япония өкмөтү Кыргызстанга 3 долбоорду ишке ашырууга 11,9 млн доллар бөлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 8-март /Кабар/. Япония өкмөтү 3 долбоорду – “электрондук өкмөт” түзүү үчүн Калкты билдиктүү мамлекеттик каттоону колдоо, КРдагы тобокелчиликтерди комплекстүү башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө жана Борбордук Азияда аймактык кызматташтык жана “Коопсуз мектеп” программасын колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга Кыргызстанга 11,9 млн доллар бөлдү.

3 документке расмий кол коюу Кыргызстандын өкмөтүндө премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өттү.

Премьер-министрдин айтымында, кол коюу пландалып жаткан долбоорлор Кыргызстанга көп багыттар боюнча алдыга жылууга жол ачат, атап айтканда электрондук өкмөт чөйрөсүндө, шайлоолордун таза жана ачык-айкын өтүшүн көтөрүүгө, андан тышкары мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин коопсуздугу жаатында.

“Бул багыттар дайыма өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыты болуп келген жана ошол бойдон кала берет. Өз кезегинде өкмөт бул каражаттардын өз максатында натыйжалуу колдонулушуна зарыл жардамдарды көрсөтөт. ПРООН жана ЮНИСЕФ тарабынан аткарыла турган долбоорлордун алкагында Япония өкмөтү тарабынан гранттын негизде берилип жаткан масштабдуу колдоо биздин өлкөнүн улуттук артыкчылыгы болуп саналат. Япония өкмөтү, Япониянын КРдагы элчилиги, ПРООН жана ЮНИСЕФ тарабынан Кыргызстандын министрлик жана ведомстволору менен биргеликте аткарылган жаңы долбоорлорду даярдоо жана кароо боюнча чоң иштер бизге белгилүү”,-деди ал.

Ал арада Япониянын КРдагы элчиси Ёсихиро Ямомур долбоор ПРООН жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке аша турганын белгиледи.

“Япония менен Кыргызстанды демократиянын жалпы баалуулуктары бириктирип турат. Чейрек кылымдан бери биздин өкмөт Кыргызстанга демократиялык түзүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берип келет. Мен көрсөтүлгөн кайтарымсыз жардам өлкөдө мындан ары дагы демократияны өнүктүрүүгө жана элдин бакубатчылыкта жашоосуна шарт түзөт деп ишенем”,-деди элчи.

Пикир

Оставить комментарий