• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Япония Кыргызстандан бал, кургатылган өрүк жана жаӊгак майын импорттоого кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Япониянын «DM SOLUTIONS» компаниясынын вице-президенти Фукумура Хиротоши, аткаруучу директору Кацуяма Жуничини, “Кыргызстан-Япония ” достук фондунун төрагасы Асано Тетсуя жана IBS кооперативдик-ассоциациясынын өкүлү Ишимура Коужини кабыл алды.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Ош облусу жана япониялык компаниялар менен эки тараптуу экономикалык кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү.

Япониядан келген делегация өкүлдөрү Ош облусунда өндүрүлгөн “Ак бал” (эспарцет балын), кургатылган өрүк жана жаӊгак майын Японияга импорттоого кызыкдар экенин билдиришти.

Ал эми Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов Ата-Мекендик өндүрүштү колдоо үчүн чет өлкөлүк ири компаниялар менен кызматташууга ар дайым даяр экенин айтты.

“Мен чет өлкөлүк ири компаниялар менен кызматташууга, Ош облусунда өндүрүлгөн өндүрүштөрдү чет өлкөгө экспортко чыгарууга кызыктармын. Ош облусуна инвестиция салууга кызыкдар тарап менен сүйлөшүүгө дайым даярбыз. Облуска инвестор тартуу жана аларга шарт түзүп берүү үчүн аракет кылып жатабыз”,-деди Жарасул Абдураимов

Маалымат үчүн: « DM SOLUTIONS » компаниясы транспорттук-логистикалык, курьердик кызмат көрсөткөн Япониядагы ири компаниялардын бири. Япония жыл сайын 50 миң тонна балды чет өлкөлөрдөн импорттойт, анын 30 тоннасын Кытай камсыздап берет.

Пикир

Оставить комментарий