• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Япония Олимпиада оюндары үчүн коронавируска каршы жарым миллиард вакцина сатып алат

Дүйнө 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Япония Олимпиада оюндары үчүн COVID-19га каршы жарым миллиард вакцина сатып алууга ниеттенип жатат. Бул өлкө жашоочуларынын ар бирине төрттөн даана вакцина туура келет дегенди билдирет.

Маалыматка караганда, өлкө 2021-жылга карата 126 миллион калкы үчүн беш түрдүү өндүрүүчүдөн 521 миллион даана вакцина сатып алууну караштырууда.

Ден соолугуна байланыштуу жакында кызматтан кете тургандыгы айтылып жаткан премьер-министр Синдзо Абэ оюндарды өткөрүп, 2021-жылы Токиого миңдеген спортчулар менен күйөрмандарды тартууга өзгөчө көңүл бурууда. Япон аткаминерлеринин пикиринде, туризм — пандемия маалында 30% төмөндөгөн ички дүң өнүмдү жогорулатып, экономиканын өсүүсүнө түрткү болот.

Пандемия шартында Олимпиада оюндарын өткөрүү бир катар логистикалык көйгөйлөрдү жарата тургандыгы айтылууда. Анткени дүйнө жүзүнөн келген миңдеген спортчулар машыгып жана иш-чараларга барып турушу керек. Мындан тышкары күйөрмандар да коопсуз жерлерге жайгаштырылышы зарыл.

Пикир

Оставить комментарий