• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Япония стипендиялык программанын алкагында Кыргызстанга 2,9 млн доллар бөлдү

Коом 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Япониянын өкмөтү "Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программалар" долбоорунун алкагында кайтарымсыз негизде Кыргызстанга 305 млн япон иенасын (2,9 млн долларга жакын) бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирет.

"JDS" программасы Кыргызстанда 2006-жылдан бери кайтарымсыз негизде Кыргызстандын өкмөтүнө кадрларды даярдоо тармагында колдоо көрсөтүү жана
Япония менен Кыргызстандын эки тараптуу алакасын арттыруу максатында иштеп келет", - деп билдирет элчилик.

Элчиликтен билдиришкендей, быйылкы жылы долбоордун алкагында Японияда магистр даражасын алуу үчүн 18 мамлекеттик кызматкер жана доктор даражасын алуу үчүн 2 кызматкер тандап алынган. Бирок коронавируска байланыштуу алардын Японияга кетиши кечеңдеп жатат.

"Программа ишке ашырыла баштагандан бери тандап алган багыттары боюнча магистр даражасын алуу үчүн 209 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер жана 1 кызматкер доктор даражасын алуу үчүн Японияга жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 176сы диссертацияларын жактап, Кыргызстанга кайтып келген", - деп билдирет элчилик.

Пикир

Оставить комментарий