• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

JICA Жалал-Абадда «Бир айыл – бир продукт» долбоорун баштайт

Аймак 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) Жалал-Абад облусунда ишкерлерди колдоого алуу максатында “Бир айыл – бир продукт” долбоорун баштайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, буга чейин аталган агенттик мындай долбоорду Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ишке ашырган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясында шаар жетекчилиги менен Эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр убагында белгилүү болду. Шаар мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев аталган агенттиктин Кыргызстанда үзүрлүү иштеп жатканын, кыргыз—япон алакаларынын барган сайын бекемделип баратканын белгиледи. Ошондой эле, “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун Ысык-Көл аймагында ийгиликтүү ишке ашканын жана ушундай эле аракеттер Жалал-Абад аймагында да ишке ашырылышы заман талабы экенин билдирди.

“Өз учурунда Харагачи Акихиса мырза жылуу кабыл алгандыгы үчүн шаар жетекчилигине ыраазылык билдирип, жергиликтүү ишкерлердин өндүргөн продукцияларын сатуу, экспортко алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү менен аталган долбоорду эми өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу зарыл экенин айтты. Бул максатта аталган агенттик аймактагы ишкердик, ага тийиштүү шарттарды жакшылап иликтеп, маалымат базасын түзүү менен ошого жараша долбоордун стратегиясын даярдай турганын,бул маанилүү иште Жалал-Абад шаарынын бийликтери кошо кызматташа тургандыктарына ишенерин билдирди”, - деп айтылат билдирүүдө.

Тараптар сатуу жана экспорттоо ишинде продукциянын сапаты мааниге ээ болорун, ошондуктан ишкерлер менен ушул багытта иштөө зарылдыгын билдиришти. Ошондой эле, сапат маселесинде жергиликтүү ишкердин баасы менен эл аралык талаптардын айырмачылыгы болорун, бул айырмачылыкты жоюу аракеттерин көрүү керектигин сөз кылышты.

“Сүйлөшүү учурунда Жалал-Абад шаарынын бийликтери долбоорду ишке ашырууда зарыл болгон материалдык-техникалык, коммуникациялык жана башка мүлк комплекстерине ээ экени, бул жагынан өз ара кызматташуу натыйжалуу боло тургандыгы айтылып, бул багытта чогуу иш алып бара турган болушту.

Эскерте кетсек, бул долбоор - Япония тарабынан демилгеленген жана атайын аймактык өнүгүү багытында иштелип чыккан стратегиялык кыймыл. Ал жергиликтүү ресурстардан алынуучу продукцияларды табуу жана өндүрүү, сапатын арттыруу аркылуу жергиликтүү жана дүйнөлүк рынокко чыгаруу максатын көздөйт”, - деп жыйынтыкталат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий