• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Японияда Айтматовдун 90 жылдыгына арналган семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Япониядагы Кыргызстандын элчилиги аталган өлкөнүн Эл аралык социалдык клубунун өкүлдөрү үчүн Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган семинар өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Айтматовдун япон тилине которулган китептеринин жана сүрөттөрүнүн презентациясы өткөн.

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Ч.Айдарбеков иш-чаранын катышуучуларына быйылкы жылга пландалган иш-чаралар, эки тараптуу мамилелердин жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Семинардын катышуучулары Кыргызстандын туристтик жөндөмдүүлүгү менен таанышышты. Элчи 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Япониядан сумо, армрестлинг, күрөштүн түрлөрү жана башкалар боюнча чоң делегация катышарын белгиледи.

Коноктор өздөрүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүү чакыруусун кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий