• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Японияда бир адамдын батириндеги муздаткычтан 9 адамдын сөөгү табылган

Дүйнө 0

Бишкек, 31.10.17 /Кабар/. Шейшембиде Токиодон алыс эмес жерде жаш жигиттин батиринен полиция тогуз адамдын сөөгүн тапкан. Бул тууралуу Kyodo агенттиги полиция таянып билдирет.

Адам сөөктөрү Дзама шаарындагы 20 жаштагы жигиттин батиринен табылган. РИА Новости билдиргендей, полиция 23 жаштагы аялдын жоголушуна шектүү катары анын үйүн тинтип чыккан.

Полиция айрым сөөктөр жиликтенгенин, алардын бөлүктөрү муздаткычтын бир нече контейнеринен чыкканын билдирет.

Агенттиктин булакка таянган маалыматы боюнча, шектүү жана жоголгон кыз Twitter социалдык тармагында сүйлөшүшкөн. Алардын кат жазышуусу кыз “менин менен өзүн өзү өлтүрүүгө даяр бирөөнү издейм” деп жазган соң башталган.

Полиция батирдин ээси кармалганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий