• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Японияда бир аптада күндүн ысыгынан 700 адам бейтапканага жаткан

Дүйнө 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Японияда күндүн ысыгынан бир жумада эле болжолу менен 700 адам бейтапканага кайрылган. Бул тууралуу Япониянын өрт өчүрүү жана тез жардам кызматы билдирди.

12-18-июнга чейин бейтапканага күндүн ысыгынан жабыркаган 697 жаран алынып келинген. Алардын экөө каза болгон. Өткөн аптага салыштырмалуу, бул жумада бейтапканага алынып келгендердин саны 101 адамга өскөн. Алардын 228и жаткырылган. Күндүн ысыгынан жабыркагандардын 50% 60 жаштан ашкандар.

Булак:РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий