• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Японияда бир жумада 9 адам ысыктан каза болгон

Дүйнө 0

БИШКЕК, 08.08.17. /Кабар/. Японияда 31-июлдан берки ысык аба ырайынан 9 адам каза болуп, 5,7 миңге жакыны ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу өлкөнүн тез жардам кызматынын өрт башкармалыгы билдирет.

1,9 миң адамдын ден соолугунун абалына байланыштуу ооруканага жаткырылганы айтылат. Жабыркагандардын жарымынан көбү - 65 жаштан жогору курактагылар.

Өткөн жумада өлкөнүн батышында 35 градус ысык болгон. Ал эми чыгышында бир аз салкыныраак (30 градуска жакын) болду. Өткөн жумага байланыштуу жабыркагандардын санынын өсүшү (366 адам) ушуга байланыштуу.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий