• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Японияда кар көчкүнүн курмандыктарынын саны 8 адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Япониянын Тотиги префектурасындагы кар көчкүнүн курмандыктарынын саны 8 адамга жетти. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Киодо агенттиги билдирди.

Жергиликтүү полиция кар ширендилеринин алдында 8 адамдын сөөгү табылганын билдирди. 30дан ашык адам жарат алган. Япония өкмөтү премьер-министрдин администрациясына караштуу антикризистик борбордо жабыркагандарга жардам берүү боюнча комиссиясын түздү.

Буга чейин 6 адам курман болгондугу маалымдалган.

Премьер Синдзо Абэ парламентте анын өкмөтү “жабыркагандарды издөө жана куткаруу маанилүү” деп эсептерин билдирди.

Кар көчкү эртең менен Насу шаарына жакын тоо боорунда түшкөн. Бул мезгилде ал жерде 60га жакын жогорку класстын окуучулары болгон.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий