• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Японияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 17ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Японияда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандарды саны 17ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин Киодо агенттиги жазат.

Буга чейин 14 адам аталган илдетти жуктуруп алгандыгы белгилүү болгон.

Жаңы вирус Тиба префектурасынын тургунунда байкалган. Ал Кытайдан келген туристтерге жер көрсөтүп, гид болуп иштеген. Ошондой эле Кытайдан келген эки япониялык жаранда оорунун белгилери аныкталган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 9692ге жетип, 213 адам көз жумду.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий