• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Японияда «Курманжан Датка» көркөм тасмасы көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда Япониянын Хамура шаарында «Курманжан Датка» көркөм тасма көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тасма Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында көрсөтүлгөн.

Көрсөтүү Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен Хамура достук тобу тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Хамура шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Хамура шаарынын жана Кыргызстандын достук жана ак ниет ыктыярдуу элчиси Мита Ре, элчиликтин достору, ошондой эле Кыргызстанга кызыгуу көрсөткөн Хамура шаарынын тургундары катышты.

Кыргыз элчиси Мирлан Арстанбаев өз сөзүндө катышуучуларды эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Кыргызстан жана кыргыз элинин көп кылымдык тарыхы менен тааныштырды.

Көрсөтүүнүн аягында элчи катышуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий