• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Японияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Японияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселеси талкууланды, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Япониядагы элчи Мирлан Арстанбаев Хамура шаарынын мэри Хашимото Хиротака менен жолугушкан.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Япония тарабына Японияга Кыргызстандын органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоо жаатында кызматташуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Японияда ишке орноштуруу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий