• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Японияда кыргыз-япон "Достук" концерти өттү

Маданият 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Япониянын Хамура шаарында 18-август күнү кыргыз-япон "Достук" концерти өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз жана япон аткаруучуларынын, чыгармачыл жааматтарынын катышуусу менен өткөн концерт Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин маданият жана спорт тармагында жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында Хамура шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган.

Хамура шаарынын тургундары жана коноктору үчүн кыргыз аткаруучулары Гүлүм Касымбаева, Калыйман Үмөтбаева, япон ырчысы Мита Ре, Токио Хибискус япон квартети жана Токио көркөм-өнөр университетинин япон комузчулары ыр ырдап, күү ойношкон.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында кыргыз улуттук боз үйү тигилип, Кыргызстандын кооз жаратылышын чагылдырган сүрөттөр көрсөтүлүп, жарманке уюштурулган. Аны менен бирге Кыргызстан жөнүндө документалдык тасма көрсөтүлгөн.

"Концерттин соңунда, 25-31-август күндөрү Токио шаарында өтө турган Дүйнөлүк дзюдо чемпионатына катышуучу Кыргыз Республикасынын курама командасын тосуп алуу боюнча расмий азем өттү", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз жана япон тарабынын ортосундагы мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз дзюдочулары Хамура шаарында машыгууда.

Пикир

Оставить комментарий