• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Японияда кыргыз маданият күндөрү өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 21.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Япониянын борбору болгон Токио шаарында 19-ноябрдан кыргыз маданият күндөрү өтүп жатат. Бул тууралуу “Жибек жолунун Ак Конуш” долбоорунун жетекчиси жана иш-чаранын уюштуруучусу Гүлжан Иреш өзүнүн фейсбук барачасында маалымдады.

Анын айтымына караганда, аталган иш-чаранын алкагында КР менен Япониянын дипломатиялык алакаларынын орношунун 25-жылдыгына карата “Кыргыз көчмөн дүйнөсү” аталыштагы концерт коюлду.

Япондор кыргыздын улуттук музыкасы менен таанышып, көргөзмөдө кыргыз элинин турмуш-тиричилиги менен жакындан таанышууга мүмкүндүк алды.

Андан сырткары, аталган концертке Бангладеш, Белорусия, Катар жана бир катар башка өлкөлөрдүн элчилире да келишкен.

Япониядагы кыргыз маданийт күндөрү 25-ноябрга чейин уланат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандагы да япониянын маданият күндөрү өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий