• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Японияда Кыргызстандын суу-энергетикалык потенциалынын бет ачары өттү

Экономика 0


Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. КРнын өкмөттүк делегациясынын Японияга жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн суу-энергетикалык потенциалынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан даярдалган презентацияда кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасалган.

Бет ачардын жыйынтыгында 2022-жылдын декабрь айында «Muroosystems Corporation» компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн Кыргыз Республикасына келүүсү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий