• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Японияда нөшөрлөгөн жаандан улам каза болгондордун саны 12ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Японияда өткөн аптанын аягында болгон нөшөрлөгөн жаандан улам каза болгондордун саны 12ге жетти. Бул тууралуу NHK телканалы билдирет.

Маалыматка ылайык, Япониянын Тиба префектурасында 11 адам, Фукусимада 1 адам көз жумган.

Буга чейин он адам каза болгону айтылган.

Япониянын чыгыш жана түндүк-чыгыш бөлүгүндө болгон нөшөрлөгөн жаан жума күнү башталган. Айрым жерлерде жарым күн ичинде эле жаан бир айлык нормасын жаап койгон. Айрым аймактарда суу көтөрүлгөндүктөн 2 миңдей адам коопсуз жерлерге көчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий