• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Японияда учак салондогу чаңдан улам аэропортко кайтып келген

Дүйнө 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Япониянын "All Nippon Airways" авиакомпаниясынын Boeing-777 үлгүсүндөгү учак Хоккайдого бараткан жолунан кайра кайтып келген. Бул тууралуу Известия басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, учактын кайтып келүүсүнүн себеби салондо чаңдын чоң өлчөмдө болуусу болгон.

"Учактын бир дагы жүргүнчүсү жабыр тарткан эмес. Аларга башка учак аркылуу жетүүчү жерине учуп барууга шарт түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Аталган авиакомпаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, экипаждын капитаны салондогу чаңдын чоң өлчөмдөгү чогулушу жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна терс таасир тийгизээрин алдын алуу максатында кайра кайтып келген.

Пикир

Оставить комментарий