• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Японияда жапайы аюунун кол салуусунан кеминде 4 адам жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Япониянын Ниигата префектурасында аюу жергиликтүү тургундарга кол салганын бүгүн, 18-октябрда өлкөнүн коомдук телевидениеси билдиргенин "Известия" жазды.

ТАСС агенттигинин маалыматында, окуя 36 миң тургун жашаган Уонума шаарында болгон. Ал жер тоолуу аймак болгондуктан жапайы жаныбарлар байырлап келет.

Жергиликтүү полиция кызматынын билдирүүсүндө, жапайы жандыктын кол салуусунан кеминде 4 адам жабыркаган. Алардын баары ооруканага жеткирилген, бирөөнүн абалы оор деп баалашууда.

Укук коргоо органдары жана куткаруучулар жергиликтүү тургундарды сак болууга чакырган. Учурда жырткыч изделүүдө.

Буга чейин, октябрь айында ургаачы аюу балык уулап жаткан 2 адамга кол салганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий