• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Японияда жол кырсыгынан мектеп окучуулары жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 04.06.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Японияда окуучуларды ташыган автобус жол кырсыгына учурады. Алдын ала берилген маалыматка караганда, жол кырсыгынан 10дон 17ге жакын адам ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу РИА Новости NHK телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

NHK телеканалынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дө Тотиги префектурасында орун алган. Экскурцияга Цукинокидзава мектебинин башталгыч классынын 33 окуучусу жана 3 мугалим бара жатканда кырсыкка учураган.

Жол кырсыгы эмненин негизинде келип чыкканы маалыматта айтылган эмес. Окуучуларды ташыган автобусту оор жүк ташуучу унаа сүзгөнү айтылууда.

Киодо агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, жол кырсыгына эң аз дегенде 5 унаа катышкан.

Пикир

Оставить комментарий