• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Япониядагы Diamond Princess лайнеринин бешинчи жүргүнчүсү көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Япониянын Иокогама портундагы курчоодо турган Diamond Princess лайнеринин бешинчи жүргүнчүсү коронавирустан каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин Известия басылмасы жазат.

COVID–19 оорусунан каза болгон жаран Токионун 70 жаштагы тургуну болгон.

Буга чейин лайнердин 80 жаштагы жүргүнчүсү көз жумгандыгы айтылган.

Diamond Princess лайнери 20-январда Йокогама шаарынан Кагосима - Гонконг – Окинава каттамы боюнча эки жума саякаттамак болчу. Бирок, кийинчерээк аталган кемеде бир жүргүнчү коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон.

3-февралда кеме Йокогама портунда токтотулган. Учурда аталган лайнерде коронавирусту жуктуруп алган 705 учур катталды.

Diamond Princess лайнеринде болжол менен 3,7 миң адам болгон.

Эскерте кетсек, Япониядагы Diamond Princess лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирустун жеңил түрү аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий