• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Япониядагы "Хагибис" тайфунунан 53 адам каза болду

Дүйнө 0


Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Япониядагы "Хагибис" тайфунунан 53 адам каза болгонун Киодо агенттиги билдирет.

Буга чейин 47 адам мерт кеткендиги айтылган.

Аталган агенттиктин маалыматында, дүйшөмбү күнкүгө караганда каза болгондордун саны 53кө жеткен. Жер көчкү жана топон суу пайда болгон райондордо издөө иштери уланууда.

Ишемби күнү "Хагибис" тайфуну Хонсю аралында жүргөн. Ал жерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрге жеткен. Ал эми, Токио шаарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 41,5 метр болгон.

Аталган тайфундан 136 миң турак үй ичүүчү суусуз жана 4300ү электр энергиясыз калган. Тайфун өзү менен кошо катуу шамал, нөшөрлөгөн жаанды пайда кылган. Токиодон баштап Ниигата аймагына чейин суу каптаган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Япониянын премьер-министри Синдзо Абэге “Хагибис” тайфунунун кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Пикир

Оставить комментарий