• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Япониядагы "Хагибис" тайфунунан көз жумгандардын саны өсүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Япониядагы "Хагибис" тайфунунан каза болгондордун саны 66га жетти. Бул тууралуу NHK телеканалы билдирди.

Табигый кырсыктан 200 дарыянын суусу көтөрүлүп, 10 миң турак үй суу астында калган жана 900дөй үй кыйраган.

Буга чейин тайфундан 44 адам мерт кеткени айтылган. Андан кийин каза болгондордун саны 53кө жеткен. Япониянын 17 префектурасында 38 миңдей адам үйлөрүн таштап кеткен.

Ишемби күнү "Хагибис" тайфуну Хонсю аралында жүргөн. 12 префектурада жана Токиодо өзгөчө кырдаалдагы абал белгиленген.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ тайфундун кесепетинен жабыр тарткандарга колдоо көрсөтөөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий