• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Япониядагы лайнерде коронавирусту жуктургандардын арасында кыргызстандык бар

Коом 0

Бишкек, 18.02.20 /Кабар/. Princess Cruises компаниясы билдиргендей, Diamond Princess кемесинде 67 адам COVID-19, коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу World of Cruising magazine жазат.

Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги, ишемби, 15-февраль күнү, аталган компаниянын маалыматын ырастап, ооруну жуктуруп алгандар кайсы өлкөнүн жарандары болгону тууралуу маалымат берген.

Ооруну жуктуруп алгандардын арасында Япониянын 27 жараны, Филиппин – 17, Австралия – 5, АКШ – 5, Канада – 3, Кытай – 3, Германия – 2, Гонконг – 1, Кыргызстан – 1, Индия – 1 жана Тайвандан бир адам бар.

Учурда кеме Йокогамада (Япония) карантинде турат.

"Кабар" агенттигине КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алар Кыргызстандын Япониядагы элчилигинен расмий маалыматты күтүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий