• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Япониядагы тайфундан 136 миң турак үй ичүүчү суусуз калды

Дүйнө 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Японияда ишемби күнү болуп өткөн "Хагибис" тайфунунан 136 миң турак үй ичүүчү суусуз жана 4300ү электр энергиясыз калды. Бул тууралуу NHK телеканалы билдирет.

Тайфун өзү менен кошо катуу шамал, нөшөрлөгөн жаанды пайда кылган. Токиодон баштап Ниигата аймагына чейин суу каптаган. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматында, 36 адам каза болуп, 186сы жаракат алган жана 15 адам дайынсыз жоголгон.

Өлкөдөгү абал акырындык менен калыбына келүүдө. Алсак, ылдам жүрүүчү поезддердин жүрүүсү калыбына келүүдө. Ал эми, Нарита аэропортунда бир катар рейстер убактылуу токтотулган.

Токиодо шамалдын ылдамдыгы секундасына 41,5 метрге жеткен. Мындай шамалдын күчү жүк ташуучу унааны, бак-дарактарды да кулатууга жетет.

Өлкөнүн башкы метеорологиялык агенттигинин билдирүүсүндө "Хагибис" тайфуну кооптуулугу боюнча 1958-жылы болгон "Ида" тайфунундай болду. "Идадан" 1958-жылы 1269 адам мерт кеткен.

Пикир

Оставить комментарий