• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Япониядагы жер титирөөнүн кесепетинен 21 киши каза болуп, 13 адам дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.18. /Кабар/. Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралында катталган жер титирөөнүн кесепетинен 21 адам каза болуп, 13 киши дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Япониянын өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга маалымат жыйынында билдирген.

"Каза болгондордун саны 21ге жетти. 6 адам оор абалда, 13 киши дайынсыз жоголгон. Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн 40 миң адам иш алып барууда. 75 тик учак тартылды", - деди башкы катчы.

Эске салсак, 6-сентябрга караган түнү Хоккайдодо магнитудасы 6,7ни түзгөн жер титирөө болгон. Анын очогу Ибура районунда, 37 чакырым тереңдикте болгон.

Ацума аймагында жер силкинүүнүн күчү 7 баллга жетип, жер көчкүлөр жүргөн. Аралда электр энергиясын берүү токтотулуп, 3 миллион үй чарбасы электр жарыгы жок калган. Кырсыктан улам жаңы Титосэ аба майданы жабылып, жакынкы күндөрдөгү рейстер токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий