• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Японияга каршы оюнга чыга турган футболчулардын старттык курамы

Спорт 0

Бишкек, 15.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандап алуу турунун алкагында Кыргызстандын курамасы Япониянын командасы менен оюн өткөрөт.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, беттеш Япониянын Суйта шаарында 15-июнда Бишкек убактысы менен саат 16:25те башталат.

"Ак шумкарлардын" негизги курамы:

Дарбазачы: Павел Матяш;

Коргоочулар: Александр Мищенко, Айзар Акматов, Бактияр Дүйшөбеков, Тамирлан Козубаев, Кайрат Жыргалбек уулу;

Жарым коргоочулар: Алимардон Шүкүров, Гүлжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров;

Чабуулчу: Мирлан Мурзаев.

Дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин оюн талаасына чыкпайт. Алар коронавируска шектелип, “сары тизмеге” кирген.

Нет описания.

Эскерте кетсек, “Ак шумкарлар” буга чейин Мьянманын командасын 8:1 эсебинде утуп, Монголиянын курамасына 0:1 эсебинде утулуп калган.

“Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 10 упайы менен экинчи орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий