• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Япониялык компаниялардын өкүлдөрү Ош облусуна иш сапары менен келишти

Аймак 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин жана КР Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн көмөгүнүн астында 2021-жылдын 15-июнунда япониялык компаниялардын өкүлдөрү Ош облусуна иш сапары менен келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы жана кыргыз-япон Достук фонду, DM Solutions жана Ассоциациялар кооперативинин IBS, Japan style, ошондой эле Ош токой чарба департаментинин колдоосу менен Ош областынын Кызыл-Туу айылына акация көчөттөрүн отургузушту. Долбоордун алкагында фонд 2021-жылдын ноябрь айына чейин 1 800 акация көчөттөрүн отургузууну пландап жатат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында япон делегациясынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов менен жолугушуусу уюштурулду.

Облус башчысы менен болгон жолугушууда Кыргызстандан Японияга бал экспорттоону көбөйтүү маселелери талкууланды. Ош облусунун жетекчилиги конокторду япон делегациясынын долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигине ишендирди, ошондой эле делегациянын Ош шаарынын ишкерлери менен жолугушуулары уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий