• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Япониялык компаниянын өкүлдөрү КРда инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди

Экономика 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-майында КРнын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирлан Арстанбаев «Kyushukougyo» компаниясынын директору Хиронобу Мацузаки менен жолукту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар курулуш чөйрөсүндөгү кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Курулуш тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болду. Аталган компания сапаттуу инфратүзүмдүк объектилерди куруу боюнча (көпүрөлөр, жолдор ж.б.) алдыңкы тажрыйбага ээ.

Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча компаниянын өкүлдөрү эл аралык авиакаттамдар кайра жандандырылгандан кийин Кыргыз Республикасына иш сапары менен келүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий