• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия Кубогу: Япония финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Азия Кубогунун жарым финалында Япониянын футбол боюнча курамасы Иранды утуп, финалга чыкты.

Беттеш кечээ, 28-январда өтүп, Япония каршылаштарын 3:0 эсебинде жеңип алды.

Оюндагы эки голдун ээси Юя Осако болсо, үчүнчү голду кошумча берилген убакта Генки Харагучи киргизди.

Эми япониялыктардын финалдагы атаандаштары бүгүн аныкталат. Бүгүн Катар менен Бириккен Араб Эмираттары ойноп, жеңүүчүсү финалга чыгат.

Ал эми финал 1-февралда өтөт.

Эскерте кетсек, Азия Кубогу 2019 Бириккен Араб Эмираттарында өтүүдө. Ал 5-январда башталган.

Пикир

Оставить комментарий