• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Япониянын өндүрүүчүлөрү Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев Японияда таанышуу иш сапары менен болду.

Иш сапар Япониянын өкмөтүнүн жана Токио, Осака шаарларынын соода-өнөр жай палаталарынын чакыруусу менен ишке ашты. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Марат Шаршекеевдин айтымында, Япония Борбордук Азиядагы өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө даяр. Анын ичинен Кыргызстан Япониянын экономикалык потенциалы менен таанышуу үчүн чакырылган биринчи өлкө болду.

Марат Шаршекеев иш сапары учурунда Япониянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, КРнын Япониядагы элчиси, Токио, Осаканын соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү менен жолугушкан.

Андан соң автоунаа ишканалары HONDA, DAIHATSU`га барган. Сүйлөшүүлөр учурунда Марат Шаршекеев япониялыктарга Кыргызстандын аймагында биргелешкен автоунаа ишканаларын түзүү маселесин карап чыгууну сунуштаган.

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президентинин айтымында, Япония Кыргызстандын иш топтору менен кызматташууга даяр экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий