• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Япониянын өзгөчөлүгү эмнеде?

Дүр дүйнө 0


Ар бир элдин өзгөчөлүү салт-санаа, үрп-адат, калыптанган жашоо мүнөзү болот. Эмесе керемет Күн чыгыш өлкөсү атыккан Япониянын өзгөчөлүү жашоо-тирилигин билип алгаңыңыз ашыктык кылбайт.

* Япониянын тартип сакчылары- дүйнөдөгү эң таза жана чынчыл полицейлер. Кээ бир туристтердин майда тартип бузууларын кечирип да коюшат. Пара алуу деген булардын түшүнө да кирбейт.

* Япон элинин эң эле жер-жебериңе жетип тилдегени, биздеги “акмак”менен “жинди” дегендей эле. Тилдеп жатканын сөздөрдү айтып жаткандагы үндүн өзгөрүүсүнөн же сөздөр арасындагы тыныгуудан, сөзгө жасалган басымдан байкоого болот.

* Япон тилинде кат жазуунун бир эле учурда үч түрү бар: Канджи ( иероглифтик система), Хирагана ( жапон тилиндеги сөздөрдү муундап жазуучу система) жана Катакана (өтүнүч иретинде айтылган сөздөрдү муундап жазуучу система) . Эми ушуну өздөштүрүп көрүңүз.

* Япондор тамакты көп сөз кылышат. Тамактануу учурунда сөзсүз тамакты мактап туруу шарт. “Тамак даамдуу болуптур” деп бир канча жолу айтпасаңыз- бул сыйлабоонун белгиси.

* Япон эли аябай чынчыл калк келет. Капчыгыңызды жоготуп ийсеңиз, таап алууңузга 90 пайыз кепилдик бар.

* Япониядагы чөнтөк телефондорго атайын шашылыш билдирүүлөрдү эскертүүчү система орнотулган. Табигат кырсыктары болгон учурда жергиликтүү тургундардын телефонуна сигнал келет. Кандай кырсык болгондугун жана кырсык учурунда өзүңүздү кантип алып жүрүү керек экендигин эскерткен СМС билдирүү да келет.

* Японияда өлүм жазасы азыркы күнгө чейин бар. Өлүм жазасын аткарууда көп учурда адилет министри өзү катышат.

* Япон тилинде сөздөрдү сылык айтуунун, сылык кайрылуунун бир нече даражасы бар: жөнөкөй сөздөр, сый сөздөр, сылык сөздөр, абдан сылык сөздөр. Япон айымдары маектешүүдө, пикир алышууда көбүнчө бир-бирин сыйлап кайрылышат, ал эми эркектер кадимки күнүмдүк турмушунда колдонгон сөздөр менен эле маектешет.

* Токио- дүйнөдөгү эң коопсуз мегаполис. Алты жаштагы балдар да коомдук транспортто өзү жалгыз жүрө берет.

* Бул элде биринчи мырзалар менен учурашып, мырзалар биринчи тейленет. Ресторанда да биринчи мырза тапшырык кылат, андан соң айым. Кыскасы, мырзалык сапат, жентельмендик деген нерсе жок.

Маалыматтар интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий