• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ярославлда Айтматовдун чыгармачылыгына арналган кыргыз маданиятынын фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. “Биримдик-Единство” аттуу кыргыз элинин Ярославлдагы аймактык коомдук уюму баардык каалоочуларды кыргыз элинин маданиятына арналган жаштардын аймактар аралык фестивалына чакырат.

Бул жолу бардык коюлуучу номерлерди бириктирүүчү тема катары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы болот. Баардык КМШ өлкөлөрү ушул жылы Айтматовдун 90 жылдык маарекесин белгилөөдө.

Биринчи жолу бул фестиваль 2016-жылы Ярославлда өткөн жана бардык ярославлдык катышуучулардын жүрөгүнөн орун алган.

Ярославлда кыргыз маданиятына болгон кызыгуу өсүүдө.

Уюштуруучулар белгилегендей, ушундай иш-чаралар дайыма достук маанайда өтүп, бардык катышуучуларга кубаныч тартуулайт жана үй-бүлө менен чогуу эс алганга жакшы шарт түзүп берет. Бул жылы фестивалды ачуу аземи кыргыздын улуттук оюндары жана ырым-жырымдары менен коштолот.

Пикир

Оставить комментарий