• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ибрагим Нуракун уулу: Төрага менен депутат өз ара түшүнбөстүктү чечишип алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Төрага Дастанбек Жумабеков менен “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кол алышып, ортодогу түшүнбөстүктү такташып, сүйлөшүп алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактардагы баракчасында жазган.

Ал төрага менен “Бир Бол” фракциясынын лидеринин ортосундагы бүгүнкү тала-тартыш социалдык тармактарда тарап, ар түрдүү пикирлерди пайда кылып жатканын билдирди.

“Депутаттардын ар кыл мыйзамдар же чечимдерди кабыл алууда көз караштары дал келбей, айрым учурларда кайым айтышууга чейин барышы парламентаризмге мүнөздүү нормалдуу көрүнүш. Төрага менен “Бир Бол” фракциясынын лидери вице-спикер Асел Кодуранованы чакыртып алуу боюнча добуш берилгенден кийин кол алышып, ортодогу түшүнбөстүктү такташып, сүйлөшүп алды. Кыска жолугушуу жылуу маанайда өттү. Социалдык тармактарда талкууланып жаткандай эч кандай ажырым же касташуу жок”.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин отурумунда вице-спикер Асел Кодуранованы кызматынан алуу маселесин күн тартибине коюуда талаш чыккан эле.

Пикир

Оставить комментарий