• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ибрагим Жунусов «Үч муундун жолугушуусуна» катышуу үчүн Өзбекстандын Жиззах облусуна барды

Коом 0

Бишкек, 12.10.21./Кабар/. Ушул жылдын 9-октябрынан 10-октябрына чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов «Үч муундун жолугушуусуна» катышуу үчүн, ошондой эле улуттар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышуу максатында Өзбекстандын Жиззах облусуна барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында элчи Жунусов Заамин районунун «Дуоба» атуулдарынын айылдык чогулушунун тургундары үчүн түзүлгөн шарттар, окутуусу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн ыңгайлуу жабдылган орто мектептин, ошондой эле айылдык медициналык пунктунун жана тигүү цехинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш-чаранын алкагында элчи жаңы үйлөнгөн эки жупту (этникалык кыргыздар) куттуктап, бактылуу жашоого үндөдү.

Белгилей кетсек, «Дуоба» атуулдарынын айылдык чогулушунун тургундарынын 85% этникалык кыргыздар түзөт.

Андан кийин Ибрагим Жунусов Жиззах облусунун Заамин районунун Пешагор айылында өткөн «Үч муундун жолугушуусуна» катышып, сөз сүйлөп, анда Өзбекстанда жашаган түрдүү улуттардын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи. Ага Жиззах облусунда жашаган кыргыз, казак, тажик, түркмөн, корей жана башка улуттардын диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Эртеси, ушул жылдын 10–октябрында элчи мамлекеттик ишмер Шарод Рашидовдун, ошондой эле акындар Зульфия менен Хамид Олимжондун эстеликтерине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Андан кийин Кыргызстандын элчиси №29 Мээрим үйүнүн тарбиялануучулары менен жолугуп, VMX велосипедин өнүктүрүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чаранын соңунда элчи Заамин районунун борборунда болуп, жергиликтүү бийликтин инфраструктурасын жана жашоочулардын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча иштери менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий